Казакстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Кыргыз мамлекетине дуба кылды

Казакстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Наурызбай ажы Таган уулу Кыргыз өлкөсүнө тынчтык тилеп дуба кылды.  Боордош казак элинин Азирети Муфтийи кандуу окуя тез арада токтоп, ааламда согуш болбой, түрдүү балээ-кырсыктан оолак кылышын Жараткандан сурап тилек кылган.

Бул үчүн Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтий Замир кары Ракиев Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгына жана боордош казак элине ыраазычылык билдирди.