Ысык-Ата районунун тургундары Баткенге азык-түлүк, кийим-кече, дары-дармек жана акча каражат жөнөттү

Ысык-Ата райондук хатибияты райондук мамлекеттик администрация жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жардам көрсөтүү үчүн ачылган штабда азык-түлүк, кийим-кече, дары-дармек жана акча каражатын топтоп, Баткен облусуна жиберишти.

Алсак, Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн тургундары бир фура гуманитардык жардам жөнөтсө, Ивановка айыл өкмөтүнүн жашоочулары 80 миң сомдук азык-түлүк топтошкон. Красная Речка айыл өкмөтү тарабынан 50 миң сомдук азык-түлүк чогулса, Дмитриевка айылы 20 миң сомдук азык-түлүктү райондук штабга тапшырган. Ошондой эле Сын-Таш айыл өкмөтүндөгү дин кызматкерлери элден кайрымдуулуктарды топтоп жатса, Кеңеш өкмөтүнүн жашоочулары азык-түлүк, кийим-кече, дары-дармек ж.б. штабга тапшырышкан.