Ысык-Көл облусунан Баткенге 7 фура гуманитардык жардам жиберилди

Ысык-Көл облусунун тургундары Баткенге жалпы 7 фура болгон гуманитардык жардам жөнөттү. Балыкчы шаарынан жөнөп кеткен жардамды  КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов, Балыкчы шаарынын баш имам-хатиби Чойбек ажы Исакунов, мэрия аппараты, мекеме иш каналардын жетекчилери, Афган жана Баткен согушунун ардагерлери ж.б. катышты.

Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Тоң райондорунан жардамдар топтолуп, Баткендеги жабыр тарткан мекендештерге жөнөтүлүүдө.