АЗИРЕТИ МУФТИЙ: «ООР КЕЗЕҢДЕ КЫЗЫЛ ТУУНУН АЛДЫНДА БИР МУШТУМДАЙ БИРИККЕН ЭЛДИ ЖЕҢҮҮ МҮМКҮН ЭМЕС!»

Урматтуу мусулман бир туугандар! Ардактуу калайык-журт!

Ата Мекенибизди коргоп, шейит кеткен мекендештерибизди жоктоп, бүгүн биз аза күтүп, кан жутуп турабыз!

Куттуу өлкөбүздүн чек арасын коргогон элибизге жана мекен сакчыларыбыздын эр жүрөктүк, тайманбастыгына  жана каармандыгына миң мертебе ыраазы болуп, күнү-түнү дуба кылып, хатм Курандарды окуп келебиз! Бүгүн, ар бир жоготуу үчүн жүрөк канап, кайгыга чөмүлүп турабыз. Мекен шейиттеринин элеси ар дайым эсибизде калат. Аларды эч качан унутпайбыз. Дайыма рухтарына Фатиха, Ясин жана Табаарак окуп турабыз.

Курман болгон бир туугандарыбыздын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгыларын тең бөлүшүп, Аллах Тааладан жалпыбызга зор сабыр тилейм. Маркумдардын жайы Жаннатта болуп, жарат  алган бир туугандарыбыздын  батыраак айыгып кетишин Жараткандан сурайм!

Оор кезеңде ар бир жаран Ата-Журтубуздун кызыл туусунун алдына бир муштумга биригип, ынтымак, сабырдуулук жана биримдик менен колунан келген жардамдарын берип турду. Мындай ынтымактуу элди жеңүү мүмкүн эмес. Өлкө жетекчилигинин, чек арачыларыбыздын кырдаалды турукташтыруу аракетин мындан ары да колдоп, мамлекетибиздин бүтүндүгүн, элибиздин биримдигин, эгемендигин жалпыбыз бирге коргоого милдеттүүбүз. Мекен үчүн дуба кылууну унутпайлы! Өлкөбүз бир, Мекенибиз жалгыз!

Жараткан Алла Таалам Кыргызстаныбызды колдосун, коргосун!