Ош шаарынын борбордук аянтында Азирети Муфтий башында турган дин аалымдары Баткен окуясында курман болгондорго арнап Куран окуп, дуба кылышты

Бүгүн, 19-сентябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев баштаган дин кызматкерлери Баткен окуясында каза болгон мекендештердин рухуна Ош шаарынын борбордук аянтында Куран окуп, дуба кылышты.

Аталган иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Тойгонбай Абдыкаров, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Азирети Муфтийдин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Анасхан ажы Ташхужаев, Азирети Муфтийдин жардамчысы Асан ажы Сыргабаев, КМДБнын даават бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазыев,  КМДБнын Россиядагы өкүлү Сүйүн ажы Жусубалиев,  Жалал-Абад облусунун казысы Нематилла ажы Жээнбеков, Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев, Бишкек шаарынын казысы Шакир ажы Маматов, Ош шаарынын казысы Мурзакул кары Осмонов, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков жана жергиликтүү активисттер катышты.

Айта кетсек, аталган дин кызматкерлери Баткен облусуна материалдык жана моралдык жактан колдоо максатында жол алышты.