Ош шаарындагы диний борборлордун мугалимдерине эки күндүк окуу семинары уюштурулду

Ош шаарындагы «Sun Rise» мейманканасынын жыйындар залында шаардагы аялдардын диний окуу борборлорунун мугалимдери үчүн ден соолук боюнча эки күндүк окуу семинары уюштурулду.

Окуу семинарына Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары Гүлназ Исаева, КР ДИМКнын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Ош шаарынын казысы Мурзакул кары Осмонов, окуу борборлордун жетекчилери жана устазалары катышты.

«Бүгүнкү күндө Ош шаарында 12 диний окуу борбор мамлекеттик каттоодон өтүп, өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Элге динди туура жеткирүүдө талыкпай эмгектенип келе жаткан диний окуу жайлардын мугалимдеринен Аллах ыраазы болсун», – деп билдирди шаар казысы Мурзакул кары Осмонов.