Чойбек ажы Исакунов: «Улуттук дөөлөттөрүбүздү сактоого тийишпиз»

Балыкчы шаарында Ж. Бөкөнбаев атындагы мектепте КР Президентинин «Улуттук нарк жөнүндөгү» жарлыгын ишке ашыруу алкагында маданий иш-чара болуп өттү. Саамалыкка Балыкчы шаарынын баш имам-хатиби Чойбек ажы Исакунов, Баткен жана Афган согуштарынын ардагерлери, мектеп администрациясы жана мектеп окуучулары катышты.

Иш-чара шаардык мэриянын уюштуруусу менен өтүп, окуучулар тарабынан улуттук нарк, каада-салтты даңазалаган чыгармалардын негизинде сахналык көрүнүштөр коюлуп, поэзия ышкыбоздору арасында өткөрүлгөн сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо менен жыйынтыкталды.

«Азыркы ааламдашуу доорунда эне тилибизди, улуттук нарк, руханий дөөлөтүбүздү бекем сактоого тийишпиз. Ушул сыяктуу иш-чаралардын байма-бай өткөрүлүп жатышы кубантарлык көрүнүш», – деп билдирди Чойбек ажы.