Таалайбек ажы Акунов Тоң райондук курулуш жана архитектура башкармалыгын зыярат кылып, диний объектилерди каттоо боюнча пикир алышты

(Иллюстрациялык сүрөт)

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун баш имам-хатиби Таалайбек ажы Акунов райондук курулуш жана архитектура башкармалыгынын жетекчилери менен жолугушту. Жолугушууда район аймагындагы жаңы курулган жана учурда курулуш иштери жүрүп жаткан мечиттер, ошондой эле эсептик каттоодон өтө элек диний объектилердин документтерин тез арада бүткөрүү боюнча талкуу болду.

Таалайбек ажы жолугушууну жемиштүү болот деп билдирип, мечиттерди каттоо иштери аяктап жатканын кошумчалады.