Таласта Баткен окуяларынан жабыр тарткандарга жардам чогултуу боюнча 39 түйүн иш алып барды

Талас облусунда Баткен облусуна гуманитардык азык-түлүктөрдү чогултуу боюнча 39 түйүн иш алып барды. Кечээ, 20-сентябрь күнү 4 миллион сомдон ашык каражатка азык-түлүк жана турмуш-тирчиликке керектүү каражаттар чогултулуп, Баткен элине жөнөтүлдү.

Облус аймагындагы ачылган баардык штабдарда жана түйүндөрдө район баш имам-хатибдери жана айыл имамдары Баткен элине жардам берүүдө жергиликтүү бийлик жана активисттер менен жакындан иш алып барды. Муну менен катар облустагы казыят жамааты баштаган дин кызматкерлери да акчалай жардам көрсөтүшкөн.

Эскерте кетсек, облус калкы тарабынан алдыда дагы жардам жөнөтүлүшү күтүлүүдө.