Аалымдар Кеңешинин төрагасы баштаган дин аалымдары Лейлекте эл менен жолугуп, түлөө өткөрдү

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдыманап кары Масалиев жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн башчысы Султанали ажы Гапуров баштаган дин аалымдары Баткен облусуна барып, элден кабар алды. Аалымдар кандуу окуяларда курман болгон жоокерлердин арбагына Куран окуп, түлөө өткөрүштү.

«Алла Таала эл коргоп, курман болгон жоокерлерибиздин рухун шат кылган болсун. Ыйык Куранда «Акыйкатта кыйынчылык артынан жеңилдик келет» деп билдирилген. Каргашалуу күндөр артта калып, жергебизде тынччылык жана өнүгүүнү насип кылсын», – деди Аалымдар кеңешинин төрагасы.

Эскерте кетсек, КМДБ жетекчилиги Баткен облусуна чукул иш сапары менен барышкан. Аалымдар эки топко бөлүнүп, Абдыманап кары баштаган жамаат Лейлекке барса, Азирети Муфтий баштаган жамаат Баткен районунда эл менен жолугушкан.