Баткен облусунун казысы кандуу окуяда жарат алгандардан кабар алды

Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров баштаган казыят кызматкерлери Баткен областтык биргелешкен ооруканасында чек-арадагы окуяларда жаракат алган жарандардын абалынан кабар алды.

Облус казысы Мекенди сүйүү жана ага кызмат кылуунун ислам дининдеги орду туурасында айтып, мындай окуялардын кайра кайталанбашын жана өлкөбүздүн тынчтыгын сурап дуба кылды.

Ошондой эле медицина кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, алардын иштерине ийгилик каалады.