Мадина базарынын жамааты Баткенге бир фура жардам жөнөттү

Бүгүн, 21-сентябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин катышуусунда Мадина базарынын жамааты тарабынанБаткен облусундагы каргашалуу окуялардан жабыр тарткан мекендештерге бир фура гуманитардык жардамдар жөнөтүлдү. Азирети Муфтий таза суу, ун, макарон, туз сыяктуу зарыл азык-түлүк топтогон базар жамаатына ыраазычылык билдирүү менен төмөнкүлөргө токтолду.

«Ушуга чейин катталган жагымсыз күндөрдө да элибиздин жанында болуп, жакындан жардам берип келгенсиздер. Алла Таалам кылган кайыр-ихсаныңыздардан жана жардамыңыздардан ыраазы болуп, эселеп сооп берген болсун».

Замир кары Ракиев кандуу окуяларда шейит болгон жоокерлерге дуба кылып, мамлекетибиздин бүтүндүгүн Жараткандан тиледи.