Жалал-Абад облустук казыяты Баткенге бир миллион беш жүз миң сомдук жардам тапшырды

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыяты Баткенге бир миллион беш жүз миң (1 500 000) сомдук гуманитардык жардам жолдоду. Облустун казыят аппараты, баш имам-хатибдери жана имамдары тарабынан топтолгон азык-түлүк негизинен Мекен сакчыларына берилди.

«Момун-мусулман эл кыйналып турганда четте карап турбай, Мекенге өз салымын кошуусу керек. Себеби элге, Мекенге кызмат кылуу мусулмандык дагы, атуулдук дагы милдет болуп эсептелет. Алла Таала каргашалуу окуяда курман болгон жоокерлерибиздин жакындарына сабыр берсин», – деп билдирди облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков.

Эскерте кетсек, Нематулла ажы Азирети Муфтий баштаган облус казылары менен бирге Баткенге барып, жабыр тарткан элден кабар алган.