Манас районунда зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча жыйын болуп, түшүндүрүү иштерин биргелешип жүргүзүү макулдашылды

Манас районунун администрациясынын жыйындар залында район жетекчилигинин демилгеси менен зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча жыйын болуп өттү. Жыйынга райондун баш имам-хатиби Миржалал ажы Дадабаев, укук коргоо органдары, мектеп мугалимдери жана социалдык педагогдор катышты. Жыйында мектепте жана коомдо жаш өспүрүмдөргө карата болуп жаткан зордук-зомбулуктун алдын алуу маселеси каралды.

Район баш имам-хатиби Миржалал ажы Дадабаев коомдо болуп жаткан үрөй учурган окуялардын келип чыгуу себептерине токтолуп, буга элдин экономикалык, социалдык абалы, миграция да өз таасирин тийгизип, балдар кароосуз калып жатканын билдирди. Баш имам-хатиб мектеп директорлору, социалдык педагогдор жана социалдык кызматкерлерге кайрылып, жаш өспүрүмдөргө таалим-тарбия берүүдө хатибият менен бирге иш алып барууга чакырды.

Белгилеп кетчү жагдай, жыйын соңунда түшүндүрүү иштерин биргелешип жүргүзүү макулдашылды.