Ош шаарынын мусулмандар казысы Баткен облусунан келген жарандардан кабар алды

Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мурзакул кары Осмонов «Шейит-дөбө» Куран окуу борборуна жайгаштырылган Баткен облусунан келген жарандардан кабар алды. Анын алкагында чек арадагы кандуу окуялардан жабыр тарткан жарандарга материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүлдү.

Эске салсак, Баткен облусунан келген жарандар Ош шаарындагы «Умму Мухаммад» медресеси, «Сулайман-Тоо» медресеси, «Шейит-дөбө» Куран окуу борбору, «Азирети Умар» мечити жана «Бакалбай-Ата» мечитине жайгаштырылган. Ошондой эле жогоруда аты аталгандардан башка мечит-медреселерге да жайгаштыруу үчүн даярдыктар көрүлгөн болчу.