Салам берүүнүн пазилети

(Иллюстрациялык сүрөт)

Баарыбызга белгилүү болгондой, ислам араб тилиндеги «салаам» – кыргызча мааниси «тынчтык» деген сөздөн келип чыккан. Демек ислам дини тынчтыктын дини экенин аталышы эле тастыктап турат. Ошондуктан ар дайым биримдик, достук жана ынтымакка чакырган дин болуп саналат. Бул боюнча пайгамбарыбыз (с.а.в): «Өз араңарда саламды жайылткыла, анткени ал ынтымакты бекемдейт», – деп айткан. Адамдар бири-бирине салам айтуу менен өзүн дос экенин, ага зыян бербей тургандыгын жана тынчтык каалаганын билдирет. Ошол себептен пайгамбарыбыз (с.а.в): «Ким биринчи салам айтса, ошол адам Аллахка жакыныраак болот» – деп айткан.

Элибизде «Саламдашпай сөз баштабайт, айтылган саламды жоопсуз калтырбайт», – деп айтылгандай эле, сизге берилген саламга жакшы жооп кайтарыңыз. Анткени бул боюнча кереметтүү Куранда мындайча баяндалган:

“Качан силерге салам берилсе, силер алардын саламынан жакшыраак алик алып саламдашкыла же анын өзүн эле кайтаргыла. Акыйкатта, Аллах ар бир ишти Эсептөөчү” (Ниса сүрөсү, 86-аят).

Салам берүү сооптуу иштерден болсо, салтыбызда адептүүлүктүн белгиси катары каралган. Ошону менен бирге үйүбүзгө же кошунанын үйүнө же болбосо туугандардын үйүнө мейманчылыкка барганда, үйдөгүлөргө салам айтып кирүү зарыл. Бул тууралуу кереметүү Куранда мындайча баяндалган:

“Эй, момундар! Өз үйлөрүңөрдөн башка үйлөргө уруксат алмайынча жана үй ээсине салам бермейинче кирбегиле. Бул – силер үчүн жакшы. Мүмкүн эсиңерге келерсиңер” (Нур сүрөсү, 27-аят).

“Чындыгында, элчилерибиз Ибрахимге жагымдуу куш кабар менен салам беришти. Ибрахим аларга: “Салам!” – деди да, дароо музоонун куурулган этин (дасторконго) алып келди” (Хууд сүрөсү, 69-аят).

Адамзат бул сыноо дүйнөдө кокус конок келе тургандай үйүн таза кармаган сыяктуу, кокус өлүм келе тургандай жүрөгүн таза кармап, ар түрдүү күнөөлөрдөн сабырдуулук менен сактанып, ибадаттары менен бирге жакшылык иштерди аткарып өмүрүн өткөргөн болсо, анда ал адамдар Жараткандын уруксаты менен бейишке кирет жана алардын амандашуулары «салам» болот. Бул тууралуу кереметүү Куранда төмөнкүдөй баядалган:

“Ыйман келтиргендер, жакшы иш кылгандар Эгесинин уруксаты менен ичинде түбөлүк кала турган, алдынан дарыялар аккан бейиштерге киргизилет. Алардын Бейиштеги амандашуулары: “Салам!” – болот” (Ибрахим сүрөсү 23-аят).

“Алар сабырдуулуктары үчүн эң жогорку орунга ээ болушат да, анда саламдашуу жана тынчтык менен кезигишет” (Фуркан сүрөсү, 75-аят).

“(Алар:) “Сабырдуу болгонуңар үчүн, силерге салам (тынчтык болсун)! Акыркы жайдын акыбети кандай сонун!” – (дешет.)” (Раад сүрөсү, 24-аят).

“Алардын андагы сыйынуулары: “О жараткан Аллах, биз Сени Аруулайбыз!”; саламдашуулары: “Салам! – Тынчтык” (болот), “Ааламдардын Эгеси Аллахка мактоо!” – деп дубаларын аякташат” (Юнус сүрөсү, 10-аят)

“Алар Аллахка жолуккан күнү саламдашуулары “Тынчтык” болот. Ошондой эле Аллах аларга кадырлуу сыйлык даярдап койгон” (Азхаб сүрөсү, 44-аят)

Айтор саламды аз айткан сараң адам болбойбу. Адамдын көркү адеп демекчи, ар дайым биринчи салам берүүчүлөрдөн болуп жүрөлү.

Даярдаган: Алибек Акпарали уулу, Ош шаардык мусулмандарынын казыятынын кадр, катчылык жана маалымат адиси