Аалымдар кеңешинин төрагасы жана КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы баштаган топ Баткенде эл менен жолугушууларды улантууда

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдыманап кары Масалиев жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн башчысы Султанали ажы Гапуров баштаган дин аалымдары Баткен облусундагы иш сапарын улантууда. Иш сапардын алкагында Исфана шаарынын, Маргун жана Кулунду айылдарынын жашоочулары менен жолугуп, кудай жолунда түлөө өткөрүштү.

«Алла Таала Мекенди коргоодо шейит кеткен жоокерлерибиздин рухун шат, кабырын нурлуу кылган болсун. Алардын жакындарына бекем сабыр тилеп, аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Сиздерге Азирети Муфтийдин дуба-саламы бар», – деп билдирди Султанали ажы.

КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы өлкөдөгү жалпы дин кызматкерлери мамлекеттин бүтүндүгүн, элдин амандыгын тилеп, миңдеген хатм Куран түшүрүп, дубаларды кылып турушканын белгиледи. 

Эскерте кетсек, Азирети Муфтий Замир кары Ракиев баштаган КМДБ жетекчилиги кандуу окуялардан жабыр тарткан элдин абалынан кабар алуу максатында Баткен облусуна жөнөп кеткен. Аалымдар эки топко бөлүнүп, бир бөлүгү Баткен районуна барса, калганы Лейлекке сапар тарткан.