Каракол шаарындагы мугалимдерге терс диний агымдар жана тарбиянын мааниси боюнча маалымат берилди

Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков МУКК, ШИИБ кызматкерлери менен биргеликте шаардык билим берүү бөлүмүндө мектеп мугалимдери, тарбиячылары менен жолугушуп, экстремизм, терроризм, талап тоноочулук, өзүн-өзү өлтүрүү, ата-энеге болгон сый урмат темаларынын алкагында пикир алышты.

Келечегибиз болгон жаш муундун ыймандуу, адептүү, билимдүү болушу үчүн биримдикте иш жүргүзүү туурасында баарлашып, бул  иш чара жыл аягына чейин улантылмакчы,-деди Талант ажы Сабриков.

Ал эми Каракол ШИИБинин 10-бөлүмүнүн башчысы Арсен Самаев ички иштер башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан  иш аракеттерден кабар берип, тарбия берүүдө биргеликте иш алып баруу керектигин баса белгиледи.