Кара-Кулжада райондук хатибияттар арасында волейбол боюнча мелдеш өттү

Кечээ, 21-октябрда Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айылындагы “Касымалы Жантөшев» атындагы орто мектебинин спорттук залында Ош облусунун аймагындагы райондук хатибияттар арасында волейбол боюнча мелдеш болуп өттү. Иш чара “Аймактарды өнүктүрүү жылынын” алкагында Ош облусунун мусулмандар казыяты жана Кара-Кулжа райондук хатибияты тарабынан уюштурулуп, мелдешке облус аймагындагы 7 райондук хатибият жана казыят кызматкерлеринен турган жалпысы 8 команда катышышты. Иш чаранын башталышында Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев бардык командаларга ийгиликтерди каалады.

Пайгамбарыбыз (САВ) кез-кези менен жүрөктөрүңөрдү эс алдырып, тургула”- деп айткан. Андыктан дин кызматкерлеринин арасында сергек жашоо образын калыптандырып, мындан ары да райондук хатибияттар арасында спорттук мелдештерди уюштурууну улантуу зарыл, – деди облус казысы.

Мелдештин жүрүшү аябагандай кызуу таймашуу менен өтүп, жыйынтыгында 1-орунду Ноокат райондук хатибияты, 2-орунду Чоң-Алай райондук хатибияты, 3-орунду Кара-Кулжа райондук хатибияты, 4-орунду Ош облустук казыятынын командалары ээлешти. Жеңүүчүлөргө уюштуруу комитети тарабынан дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Мындан сырткары облус казысы Самидин кары Атабаев мыкты оюн көрсөткөн оюнчуларга жана уюштуруу иштерине салым кошкондорго ыраазычылыгын билдирды.

Эскерте кетсек, аталган спорттук мелдеш буга чейин Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда өткөрүлгөн болчу.