Самидин кары Атабаев баштаган аалымдар Өзгөн районуна иш сапары менен барды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Самидин кары Атабаев, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Эмилбек Асылбеков жана Баястан Марат уулунан турган топ Ош облусунун Өзгөн районуна иш сапары менен барды. Иш сапардын алкагында Самидин кары Атабаев Өзгөн районундагы дин кызматкерлери менен жолугуп, экстремизмдин алдын алуу, ысырапкорчулукка жол бербөө, жаштар менен иштешүү, зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүнүнүн жана балдардын жыныстык кол тийбестигине (педофилияга) каршы аракеттердин кесепеттери боюнча түшүндүрүү агартуу иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмаларды берди.

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын алдында түзүлгөн топ дин кызматкерлерине салттуу ханафилик мазхабы жана матуридилик акыйдасы боюнча кеңири маалыматтарды берди.

Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров Азирети Муфтийдин орун басары Самидин кары баштаган топко жалпы имамдардын атынан ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады.   

Эскерте кетсек, Өзгөнгө барган топ Азирети Муфтийдин аймактарда эл менен жолугушууларды өткөрүүгө багытталган диний агартуу кербенин уюштуруу жөнүндөгү тапшырмасын аткаруу алкагында Ош облусу жана Ош шаарында жолугушууларды өткөрөт.