Самидин кары Атабаев Имам Сарахсинин күмбөзүн зыярат кылды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Самидин кары Атабаев Ош облусунун Өзгөн районуна жасаган иш сапарынын алкагында Имам Сарахсинин күмбөзүн зыярат кылды. Зыярат учурунда Куран тилават кылынып, сообу залкар аалымдын рухуна багышталды.

«Айтылуу ханафи аалымы, бабабыз Имам Сарахсинин илим-билиминин тереңдиги ислам ааламына белгилүү. Ал зынданда жатканда эч бир булакка таянбай, эч бир китепти карабай туруп, шакирттерине 32 томдук «аль-Мабсут» аттуу классикалык эмгекти жаздырганы азырга чейин окумуштуу-аалымдарды таң калтырып келет. Биз ушундай улуу аалымдарыбызды унутпай, эмгектерин аздектешибиз керек», – деп билдирди Азирети Муфтийдин орун басары.   

Ал эми Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров жергиликтүү тургундарга жана келген конокторго залкар аалымдын өрнөктүү өмүрү жана нар көтөргүс эмгектери боюнча таанытуу иштери жүргүзүлүп жатканын белгилеп, бул багытта зор колдоо көрсөтүп жаткан Түркия Диянет фондуна ыраазычылык билдирди.