Ош облусунун казыят кызматкерлери иш сапары менен Кара-Сууга барышты

Бүгүн, 19-октябрь күнү Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов баштаган казыят кызматкерлери иш сапар менен Кара-суу районуна барып, райондук хатибяттын ишмердүүлүгү менен таанышты. Иш сапардын жүрүшүндө райондук хатибяттын кызматкерлери жана аймактагы имамдарга жыйын өткөрүлүп, анда ысырапкерчиликти жоюу, элди ынтымакка үндөө, азанды өз убагында айтуу жана жума намаздарын саат 13:30 да баштоо меселелери каралып, аймактык имамдарга тапшырмалар берилди.

“Азанды өз убагында айтууга катуу көңүл буралы. Мечитке келе албай калгандар, бейтаптар, эң негизгиси аялдар азан айтылганда намазга турушат. Бирибиз эртерээк айтып, экинчисибиз кечирээк айтып, намазкөй бир туугандарыбыз экиленип калбасын”,  – деп билдирди казы орун басары.

Ал эми райондун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров райондогу дин кызматкерлери КМДБдан, казыяттан жана хатибияттан берилген тапшырмаларды өз убагында аткарууга аракет кылып, айрыкча ысырапкорчулукка жол бербөө жана тазалык иш-чараларына активдүү катышканын белгилеп өттү.