Амир-Темир МАБында «Коррупцияга каршы күрөшү» жана «экстремизм жана терроризмдин алдын алуу» деген темаларда жыйын өткөрүлдү

Бүгүн, 19-октябрь күнү Ош шаарындагы Амир-Темир муниципалдык аймактык башкармалыгында «Коррупцияга каршы күрөшү» жана «экстремизм жана терроризмдин алдын алуу» деген темаларда жыйын өткөрүлдү. Иш-чарага Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын милдетин аткаруучусу Мирланбек ажы Токтомушов, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн өкүлү Фурхатбек Адилбек уулу, Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам-хатиби Абдилазиз ажы Абдурахманов, күч органдары, муниципалдык башкармалыктын кызматкерлери, кварталдык комитеттердин төрагалары жана жергиликтүү мечит имамдары катышты. Казынын милдетин аткаруучусу Мирланбек ажы Токтомушов аталган маселелер тууралуу баяндама жасап,

«Мага тийбеген жылан миң жыл жашасын» деген пикирден алыс болуңуз. «Башталат баары майдадан» демекчи кошунаңызга же досуңуздун жүрүм-турумуна кайдыгерлик менен мамиле кылбай, көңүл буруңуз. Туура эмес жүрүм-туруму байкалса, эскертиңиз. Анткени эскертүү – момундар үчүн пайда», – деди Мирланбек ажы Токтомушов

ДИМК ТАБнын өкүлү Фурхатбек Адилбек уулу ысырапкорчулуктун алдын алуу жана дин эркиндигин туура пайдалануу жөнүндө түшүндүрмө берип өттү.

«Өлкөбүздө дин эркиндиги болгондой эле, мыйзамга каршы келген учурда тыюу салууларды да койгон. Дин илимин алуу үчүн атайын диний окуу жайларга баруу зарыл. Өз алдынча үйлөрдө окутуулар мыйзамсыз болуп саналат. Жашыруун үйлөрдө эмес, ачык түрдө мечит-медреселерден гана сабак алыңыздар», – деди Фурхатбек Адилбек уулу.