Ысык-Ата районундагы дин кызматкерлери кварталдык отчёт тапшырды

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айылындагы «Амир» мечитинде райондогу дин кызматкерлеринин кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйында имамдар райондун баш имам-хатибине төмөнкү пунктулар боюнча кварталдык отчёт беришти.

  1. Акыркы үч айда аткарылган иштер;
  2. Каттоодон өтө элек мечиттер боюнча маалымат;
  3. Ишембиликтер;
  4. Кышка даярдык.

Ысык-Ата районунун баш имам-хатиби Бактыбек ажы Убабеков ислам динине ак дилден кызмат кылып жаткан имамдарга ыраазычылык билдирип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз иш алып баруу жана диний объектилерди каттоону тез арада бүткөрүү тапшырмасын берди.