Муфтият кызматкерлери Аль-Азхар университетинде билим алып жаткан студенттер менен жолугушту

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев жана КМДБнын үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазиев Египет мамлекетинин Аль-Азхар университетинде билим алып жаткан студенттер менен жолугушуп, алардан кабар алышты. Студенттер менен болгон жолугушуу учурунда мекендештерибизди жакшы билимге ээ болуу менен ханафи мазхабын жана матуриди акыйдасын терең өздөштүрүп, мыкты аалым болуп чыгууга чакырды. Муну менен катар Мисир өлкөсүнүн мыйзамдарын сактоо менен бирге студенттерди бийик адеп-ахлакка үндөшүп, окууларына ийгилик, өздөрүнө амандык тилешти.