Аламүдүн районундагы дин кызматкерлерине жыйын болуп, кышка даярдык көрүү тапшырмасы берилди

Кечээ, 19-октябрь күнү Аламүдүн районуна караштуу Октябрь айылындагы «Абу Бакир» атындагы мечитте райондогу имамдардын кезектеги жыйыны болуп өттү. Абдурахман ажы Анаркулов алып барган чогулушта төмөнкү төрт маселе каралды.

1. КМДБнын жана Чүй казыятынын буйрук-тапшырмаларын аткаруу, фатваларды өз убагында элге жеткирүү.

2. Эл жана улуттар арасында ынтымакты күчөтүү. Ар кандай туура эмес чакырыктардын алдын алуу, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

3. Мечиттердин кыш мезгилине карата даярдыгы;

4. Каттоосу бүтпөгөн мечиттердин имамдарына жардам берүү.

Жыйында экстремизмдин алдын алуу, ысырапкорчулукка жол бербөө жана зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүнүнүн кесепеттери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.