Сокулук районунун имамдары ханафилик боюнча атайын сабак окуй турган болушту

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Гавриловка айылындагы «Асан» мечитинде райондогу имамдардын кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйында мечиттердин каттоосу, зордук-зомбулуктун кесепеттери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, улуттар аралык ынтымакты сактоо маселелери каралды.

Жыйындын жүрүшүндө имамдардын суранычы боюнча ноябрь айынан баштап ханафи мазхабы боюнча пландуу сабак өтүлө турган болду. Сокулук районунун баш имам-хатиби Икрам ажы Ырысбаев «Равза» медресесинин мүдүрү Өскөн ажы Каландаров жана «Умар» медресесинин мүдүрү Убайдулло Амировго эмки айда даярданып келип, төл мазхаб жана туура эмес багыттар боюнча жарым сааттык пландуу сабак өтүү боюнча тапшырма берди.

Икрам ажы Ырысбаев келечекте КМДБдан жана Аалымдар кеңешинен адистерди чакыруу пландары бар экенин айтты.