Нарын казыятынын демилгеси менен дыйкандардан топтолгон үшүрлөр өз даректерине жеткирилүүдө

Нарын казыятынын демилгеси жана уюштуруусу менен дыйкандардан жыйналган үшүрлөр өз даректерине жеткирилип жатат. Атап айтсак, Нарын облусундагы “Юсуф Сыдык” атындагы Нарын медресесинде билим алып жаткан балдар бөлүмүнө 100 кап, кыздар бөлүмүнө 100 кап картөшкө берилсе, Нарын шаарындагы Үсөн Асанов атындагы Нарын облустук балдар лицейинин жатак мектебине 40 кап жеткирилди. Мындан тышкары, аз камсыз болгон муктаж жарандарга казыяттын тизмеси аркылуу ар бирине 2 кап картөшкө таркатуу иштери улантылып жатат.

Үшүр жыйнап таратуу иш-чарасы жыл сайын Нарын облустук казыяты тарабынан уюштурулуп жана муктаж жандарга таркатылып келет. Нарын облусунун казысы Эрик ажы Молдокулов ушундай улуу соопко ээ болгон жалпы дыйкандарга жана казыят кызматкерлери менен имамдарга терең ыраазычылыгын билдирип,

«Адамды адам кылган ак эмгеги» демекчи, адам эмгектенсе таштан суу, такырдан гүл чыгарат. Жазында күмүш терин төгүп, күркүрөгөн күздө, ак эмгек менен түшүм жыйнаган дыйкандар Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн өлчөнгөн негизде үшүрлөрүн беришти. Үшүр жыйноо ишин Нарын облустук казыятынын кызматкерлери жана имамдары ишке ашырышты. Бир жума аралыгында чогулган үшүр белгиленген даректерине жеткирилүүдө», – деди.