Жергиликтүү жамааттын күчү менен «Азаре» мечитине жаңы мунара курулду

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Кант шаарындагы «Азаре» мечитинде Мухаммед Дургаловдун демилгеси, жергиликтүү тургундардын колдоосу менен жаңы мунара тургузулду. Мунараны куруу үчүн жергиликтүү жамаат 150 миң сом каражат чогулткан. Курулуш жыл башында башталып, үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында бүткөрүлдү.

Кант шаарынын баш имамы Мухаммад Дургалов курулуш иштерине жардам берип, өз салымын кошкондорго ыраазычылык билдирип,

«Алла Таала биздин аракетибизди жана сооптуу иштерибизди кабыл кылсын. Акчалай жана убакыт бөлүп жардам бергендерге эки дүйнөнүн бардык жакшылыктарын насип кылсын», – деп дуба кылды.