Ноокендеги имам-хатибдердин кезектеги жыйыны өткөрүлүп, бир катар тапшырмалар берилди

Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун борбордук «Нур» мечитинде райондогу имамдардын кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйынга райондун баш имам-хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков баштаган хатибият аппараты, жооптуу имамдар жана жума мечиттеринин имамдары катышты.

Райондун баш имам-хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан талап кылынып жаткан каттоодон өтө элек мечиттерди тез арада эсептик каттоодон өткөрүү керектигин белгиледи. Ошондой эле баш имам-хатиб Кыргыз Республикасынын президентинин ысырапкорчулукка бөгөт коюу боюнча №54 жарлыгын жана буга байланыштуу КМДБнын чыгарган бүтүмүн (фатва) алгылыктуу ишке ашырып, так аткарылышын талап кылды.

Мындан сырткары ар бир имамдан жума хутбалары кандай өтүлүп жатканы тууралуу маалыт алып, жумаларда экстремизмдин кесепеттери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.