Ош облустук казыятынын кызматкерлери кезектеги иш сапары менен Ноокат районуна барышты

Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов, үгүт-насаат жана мечиттер адиси Абдумалик ажы Турсунбеков жана ажылык боюнча жооптуу адис Сулайман ажы Шерматов иш сапары менен Ноокат районуна барышты.

Иш сапардын алкагында Ноокат райондук хатибятынын ишмердүүлүгү менен таанышып, Ноокат районунун акими Данир Иманалиев менен бирге аймактагы имамдар менен жолукту. Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун  «КРда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча иш-чаралар жөнүндөгү» 2022-жылдын 24-февралындагы УП №54 жарлыгын аткаруу алкагында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле нике маселеси каралып, анда мыйзамдарды сактоо, жашы жете элек жарандарга нике кыйбоо, нике каттоо журналын толтурууга көңүл буруу жана расмий имам эмес жарандардын нике окуусуна бөгөт коюу маселелери каралып, жооптуу имамдарга тапшырмалар берилди. 

Эскерте кетсек, иш сапар облус казысынын буйругунун негизинде уюштурулуп жатат.