Эл аралык «Smart Generation» коомдук фонду Жалал-Абад казыятына көмүр берди

Жалал-Абад облусунда диний мекемелердин кышка карата даярдыгы кызуу жүрүп жатат. Анын алкагында Эл аралык «Smart Generation» (Смарт Дженерейшн) коомдук фонду тарабынан Жалал-Абад облустук мусулмандарынын казыятына 5 тонна көмүр жардам иретинде тапшырылды. «Кара алтынды» аталган фонддун Кыргызстандагы атайын өкүлү Мухаммад Айди тапшырды.

Жардам иретинде келген көмүрдү кабыл алган Жалал-Абад облустук мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков облустук казыяттын атынан  ыраазычылык билдирсе, казыяттын окуу бөлүмүн адиси Дилмурат ажы Орозов фондго ийгиликтерди каалап, бата берди.