Чоң-Алай районунун баш имам-хатиби райондогу имамдарга жыйын өтүп, бир канча тапшырмаларды берди

Чоң-Алай районунун баш имам-хатиби Алимбек Маматаминов райондогу имамдар менен болгон жыйында ысрапкорчулукту токтотуу, ар түрдүү такталбаган маалыматтарды жайылтып, элди дүрбөлөңгө салгандарга мүмкүнчүлүк бербөө жана жума намазын көрсөтүлгөн убакытта окуу тапшырмасын берди.

“Урматтуу имам дамлалар! Биздин кызматыбыз эл менен тыгыз байланышта болуу. Андыктан алардын ичинде кандай көйгөйлөр бар экендигинен кабардар болуп, аны чечип берүүгө аракеттенишибиз керек. Акыркы учурда такталбаган жалган маалыматтар жайылып, элди дүрөлөңгө салуулар болуп жатат. Бул нерселер элдин биримдигин бузуп, ынтымагын ыдыратат. Биз, дин өкүлдөрү мындай бөлүп-жаруулардын алдын алып, элибизди ынтымакка, биримдикке үндөйү”, – деди Алимбек Маматаминов.