Кеминдин баш имам-хатиби Ильич айыл өкмөтүнө иш сапары менен барды

Чүй облусунун Кемин районунун баш имам-хатиби Куттубек ажы Дүйшөбаев Кеминдин Ильич айыл өкмөтүнө иш сапары менен барды. Иш сапардын алкагында айыл өкмөттү зыярат кылып, айыл өкмөт башчысы Кайрат Жетенбаев менен жолугушту. Жолугушууда баш имам-хатиб райондогу диний кырдаал жана хатибияттын ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтарды бөлүшүп, чогуу-чаран иш алып барууну сунуштады. Кайрат Жетенбаев тыгыз кызматташууга дилгир экенин билдирип, «Бизден жардам керек болсо, колдон келишинче жардам беребиз. Мисалы, Жаңы-Жол айылындагы жаңыланып жаткан мечиттин суу, свет, документин жеке көзөмөлүмө алам», – деп билдирди.

Иш сапардын жүрүшүндө райондогу имамдардын кезектеги көчмө жыйыны уюштурулду. Чогулушта имамдардын адептүү, такыба, сабырдуу болушу керектиги айтылып, мечит документтери, тазалыгы, жылуулугу, жылуу суусу, аткарып жаткан иштери жөнүндө фото, видео отчёт алынды.  Ар дайым хатибият менен байланышта болуп, жогорку инстанциялардан келген буйрук жана тапшырмаларды өз убагында аткарууга алуу, ошондой эле жаназа, нике кыюу сыяктуу диний кызматтарды сапаттуу алып баруу тапшырмасы берилди.