Балыкчы шаарындагы жаштар арасында “Ыймандуулукту диний маданият менен өнүктүрүү” аталышындагы иш чара өткөрдү

Жаштарды адептүүлүккө, ыймандуулукка жана терс жолдордон оолак кылуу максатында Балыкчы шаарынын баш имам хатиби Чойбек ажы Исакунов шаардыгы  “Жаштар ордосу” уюмунун төрагасы Эдил Токонбаев менен биргеликте “Ыймандуулукту диний маданият менен өнүктүрүү” аталышындагы иш чара өткөрдү. Аталган иш чара келечек муундардын адепсиз мүнөздөрүн оңдоого багытталып, аларга ата-энени, бир туугандарды сыйлап, айлана-чөйрөгө жакшы мамиле кылуу боюнча маалыматтар берилди. Ушундай эле иш чара Балыкчы шаарындагы маданият үйүндө өткөрүлүп, “Жүзүмө түкүрбө мекендеш” аталышындагы ураан алдында “Ыйман” диний маадниятты өнүктүрүү фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков шаар тургундарына баяндама жасап, ыймандуулук менен тарбиянын мааниси чоң экендигин баса белгиледи.