Жети-Өгүз районунун баш имам хатиби аймактагы имамдардын ишмердүүлүгүн текшерип, коомчулук менен иштөө тапшырмасын берди

Жети-Өгүз районунун баш имам хатиби Каныбек ажы Кожогулов Балтабай айылындагы борбордук мечитте жалпы имамдар менен жолугушуп, алардын октябрь айында аткарган иштери боюнча маалыматтарын укту. Отчеттук жыйын алкагында райондун баш имам хатиби аймактарды өнүктүрүү жылына карата түзүлгөн иш пландарын карап, аткарылган жана бул жылы план боюнча аткарылбай калган иштерге токтолду. Муну менен катар Каныбек ажы Кожогулов кыш мезгилине карата мечиттердин даярдыгы жана шарттарды жакшыртуу тапшырмасын берип, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана облустук казыят тарабынан берилген буйруктарды тааныштырды.

Ал эми отчеттук жыйындын акырында Жети-Өгүз районунун баш имам хатиби коомдогу терс көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн коомчулук менен тыгыз иш алып барып, жаштар, ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маанилүү экендигин баса белгиледи.