Экс-муфтий Мураталы ажы Жумановдун жаркын элесине арналган спорттук мелдеште волейбол оюну боюнча Муфтият баш байгени жеңип алды

Бүгүн, 22-октябрда экс-муфтий Мураталы ажы Жумановдун жаркын элесине арналган спорттук мелдеш өтүп, диний уюмдар  жана диний окуу жайлардын студенттери футбол, волейбол оюндары боюнча күч сынашты.

Спорттук мелдеште волейбол оюну боюнча Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын курама командасы баш байгени жеңип алды.

«Спорт бир бир эле ден соолукту эмес, достукту, бир туугандыкты жана сабырдуулукту бекемдейт. Андыктан сергек жашоого умтулуу менен кошо билим берүү тармагын дагы алдыга жылдыруубуз зарыл»,-деди Азирети Муфтийдин орун басары Самидин кары Атабаев.