Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын «Халал» индустриясын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Муфтийинин орун басары менен жолугушту

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын «Халал» индустриясын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Бактияр Токтогазы уулу «Halal EXPO-2022» көргөзмөсүнүн алкагында Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Муфтийинин орун басары Эршат Агыбай уулу менен жолугушту. “Халал өнүктүрүү” ишканасынын директору Айбек Аскарбек уулу жана юрист Келдибек Аскаралиевдер да катышкан жолугушууда тараптар Орто Азиядагы адал индустриясынын абалы боюнча баарлашты. Жалпы ислам дүйнөсүн кызыктырган адал маселеси боюнча калайыкка түшүндүрүү-агартуу иштерин жүргүзүү, дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка туруштук бере ала турган адал продукциясын өндүрүүчү ишканалардын санын көбөйтүү, эки өлкөнүн «халал» стандартташтыруу жана сертификаттоо системасы боюнча өз ара тажрыйба алмашуу, адистердин билимин жогорулатуу, керектөөчүлөрдүн арасында “халал” белгисине ишенимди калыптандыруу ж.б. маселелер талкууланып, боордош өлкөлөрдүн жалпы кызыкчылыгы жана максаты үчүн биргелешип аракеттенүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

«Кыргыз – казак элине эң жакын эл. Салтыбыз менен динибиз, мазхабыбыз менен маданиятыбыз бир. Бизде көптөгөн жалпы орток баалуулуктар бар. Диний, руханий, адал продукциясы багытындагы өнөктөштүгүбүздү ар дайым жандандырып жатканыбыз – боордоштугубуздун жаркын көрүнүшү. Казакстан менен Кыргызстандын диний башкармалыктары ар дайым кызматташып келген. Бул эки өлкөнүн багыттары жана баалуулуктары бирдей экенин далилдейт. Сиздердин жана биздин максат – Алла Таала буюрган «халал» принциптерин жайылтуу, адал индустриясы жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, эки өлкөнүн базарларында адал продукциясын көбөйтүү жана керектөөчүлөрдү таза продукция менен камсыз кылуу», – деди Э. Агыбай уулу.

Ал эми Б. Токтогазы уулу “Халал өнүктүрүү” уюмунун стандартташтыруу жана сертификаттоо жаатындагы ишмердүүлүгүн жогору баалап, “HALAL EXPO-2022” көргөзмөсү жогорку деңгээлде өткөнүн айтты. Мындан тышкары, “Халал өнүктүрүү” тажрыйбасын колдонуу менен Кыргызстанда адал жаатындагы ишмердүүлүгүн стандартташтыруу жана сертификация тармагы өркүндөтүлөрүн билдирди.