Лейлек районунун баш имам-хатиби имамдар менен жолугушуп, дин кызматкерлеринин милдеттерин түшүндүрдү

Лейлек районунун баш имам-хатиби Сейитбек Полотов райондогу жалпы имамдарга жыйын өтүп, анда дин кызматкерлеринин милдеттери жана адептери, ишмердүүлүгү жөнүндө айтып, биримдикте жана ынтымакта «бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып» иштешүүнүн артыкчылыктарын айтып өттү.

«Имам элге ар тараптуу үлгү болуусу керек. Ар дайым эл менен чогуу болуп, өз иштерине так жана жоопкерчиликтүү болуусу зарыл», – деди райондун баш имам-хатиби. Ал муну менен катар каттоодон өткөн-өтпөгөн мечиттерди тактап, өтпөгөн мечиттерди тезинен өткөрүү боюнча чукул аракеттерди жасоо тапшырмасын берди.

Чогулуштун жыйынтыгында 3 айда бир жолу отчёттук жыйын өткөрүү чечими кабыл алынды.