Жети-Өгүздө жыл ичинде активдүү иш алып барган имамдар сыйланды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылынын борбордук мечитинде райондогу жалпы имамдарга жыйын уюштурулду. Жыйында баш имам-хатиб Талантбек Акылбек уулу коомчулук менен тыгыз иш алып барган жана ислам дининин асыл баалуулуктарын жеткирүүдө кошкон салымдары үчүн бир катар имамдарга Алкыш баракчасын тапшырды.

«Дин жеткирүүдөгү аманатты толук аткарышыбыз керек. Ар бир кылган ишибизди биримдикте жана ынтымакта кылууга аракет жасайлы. Коомчулук менен, айрыкча жаштар жана айыл аксакалдары менен тыгыз байланышта болушубуз керек», – деп белгиледи райондук баш имам-хатиб.