Ошто аалымдардын катышуусунда мавлид өткөрүлдү

Ош шаарынын борбордук «Имам аль-Бухари Алай» мечитинде Аалымдар кеңешинин мүчөсү Калилидин ажы Исаков, Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын милдетин аткаруучусу Мирланбек ажы Токтомушов, «Абдужапар» ислам институтунун мугалими Абдусами Бекмуратов, Ноокаттагы «Имам ат-Тирмизи» медресесинен Тилебалды дамла баштаган устаздардын жана жергиликтүү жамааттын катышуусунда мавлид иш-чарасы өткөрүлдү.

Мавлид иш чарасынын өткөрүүнүн максаты сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммадды (с.а.в) эскерүү жана салават айтуу болуп, жергиликтүү жамаатка мавлид жана анын өкүмү боюнча маалыматтар берилди.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын октябрь айы хижрий жыл санагы боюнча рабиуль-авваль – пайгамбарыбыз (с.а.в) төрөлгөн мавлид айы болгондуктан, жума баянынын ордунда мавлид окулуп, дуба кылынды.