Карыз берүүнүн диндеги адептери кандай?

Суроо: Карыз берүүнүн диндеги адептери кандай?

Жооп: Карыз берүүдө  сөзсүз карыз алуучунун карызды качан, кайсы жылы жана кайсы айда кайтарып берүүсү такталуусу керек.  

— Карыздын келишими түзүлөт же болбосо карыз алуучудан акчаны алгандыгы тууралуу тил кат алынат.

 — Булардын бардыгы эки күбөнүн катышуусунда жүргүзүлөт. Күбөлөр эки эркек же бир эркек, эки аял болуусу мүмкүн.

«يايها الذين ءامنوا إذا تداينتم بدين إلى أجل فاكتبوه» (البقرة الآية: ۲۸۲).

Котормосу: “Эй, ыйман келтиргендер! Белгилүү бир мөөнөткө бири-бириңерден карыз алсаңар (берсеңер), аны жазып койгула!” (Сүрө Бакара, 282 аят).

Даярдаган: КМДБнын фатва бөлүмүнүн адиси Рафаил ажы Татиков

Текшерген: КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Султанали ажы Гапуров