Ала-Букада дин өкүлдөрү мектеп окуучулары менен жолугуп, пайдалуу маалыматтарды беришти

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун баш имам-хатиби Шумкарбек ажы Чыналиев баштаган дин өкүлдөрү райондогу Ак-Там айыл өкмөтүнө караштуу Бекмамбетов орто мектебинде 7-класстан жогорку окуучуларга жолугушуу өткөрдү. Иш-чарага Ак-Там айыл өкмөтүнүн соц. адиси Назира Чотбаева, айылдык кеңештин төрагасы Абдырахим Осмонов, райондук хатибияттын даават боюнча адиси Мирлан Ботобеков, мектеп директору Садырбек Тайырбеков, айылдын имамы, мугалимдер жана окуучулар катышты.

Жолугушууда жаш өспүрүмдөргө ыйман, шарият жана адеп тууралуу, ошондой эле экстремизмдин кесепеттери боюнча баалуу маалыматтар берилди. Мындан сырткары суицид жана рэкетчиликке каршы да кенен талкуу жүргүзүлдү.

Айта кетсек, бул иш-чара райондук мамлекеттик администрация жетекчилигинин макулдугу менен уюштурулду.