Жаңы-Арыктын жаштары жалгыз бой энеге үч бөлмөлүү үй куруп беришти

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылынын 1996-жылы туулган жаштары жалгыз бой энеге үч бөлмөлүү там тургузуп беришти. Мындай демилгени Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн жооптуу имам-хатиби Темирлан ажы Токоев көтөрүп, элди кайрымдуулукка үндөп, жаштарды уюштурган. Курулушка жалпысынан 935 миң сом керектелип, аны аталган айылдын 1996-жылы туулган жаштары жыйнаган. Жаштардын бул аракетин айыл өкмөттүн башчысы Талан Исаев колдоп, үлгү көрсөткөн жаштарга Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн Ардак баракчаларын тапшырды.

“Имам бул – жетекчи. Мына ушундай жакшы саамалыктарды, кайырлуу-кайрымдуу иштерди уюштуруп, аны жетектейт. Темирлан ажы имам деген атка татыктуу болуп, эл менен, өзгөчө жаштар менен иштешип, өтө сооптуу иштерге демилгечи, себепкер болуп келет. Мына бүгүн да Темирлан ажынын демилгеси менен бир үй-бүлө тамдуу болуп кубанып турган учур. Жараткан мындан ары да көптөгөн алкыштуу иштерди кыла берүүсүн насип кылсын”, – деди Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров.

Белгилей кетсек, жалгыз бой эненин эки уулу болсо, анын биринин мүмкүнчүлүгү чектелген. Мындай сооптуу ишке кайдыгер карабаган айыл эли да өз салымын кошуп, жаштарга кошулган.

Аталган айыл өкмөттүн жооптуу имам-хатиби Темирлан ажы Токаевдин демилгеси менен былтыр да бир муктаж үй-бүлөгө үй курулуп берилген. Имамдын бул сыяктуу сооптуу демилгелерин айыл эли баалап, ага унаа белек кылышкан.