Өзгөндө “Элибиздин тынчтыгы баарынын кымбат” аттуу тегерек стол уюштурулду

Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов баштаган казыят кызматкерлери иш сапар менен Өзгөн районуна барышты. Өзгөн районунун администрациясында имамдар менен биргеликте “Элибиздин тынчтыгы баарынын кымбат” аттуу тегерек стол өткөрүлдү. Ага Алибек ажы баштаган казыят кызматкерлери, Өзгөн районунун акиминин орун басары Рахимбек Мырзакулов, Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров жана район имамдары катышты. Жыйындын жүрүшүндө элдин тынчтыгын сактоо, ар кандай бузукулукка жол бербөө жана жалган маалыматтарды таратпоо боюнча сөз болуп, облус казысынын орун басары төмөнкүлөргө токтолду:

“Пайгамбарыбыз (с.а.в) бир хадисте: “Келимеден (ыймандан) кийин эле тынчтыктай нерсе берилген эмес. Алладан тынчтыкты сурагыла!” – деген. Тынчтык болбосо бир жутум суу тамактан өтпөйт. Тынчтын бул – иАлла Тааладан берилген улуу нимат. Ушул ниматтын шүгүрүн эл аралык ынтымак, адилеттүү мамиле жана бузукулуктун, чагымчылдыктын алдын алуу менен аткарабыз. Бгүн биз тынчтык үчүн жан үрөп кызмат кылбасак, ал кетип калуусу шексиз. Себеби шүгүр кылынбаган нимат, ал көпкө турбайт”, – деди Алибек ажы Жусупов.