Ош шаардык казыятынын жамааты Баткен облусуна келип, чек арага жакын жашаган мекендештер менен жолукту

Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын милдетин аткаруучусу Мирланбек ажы Токтомушов баштаган казыят кызматкерлери чек ара окуяларында жабыр тарткан Баткен элине жардам көрсөтүү максатында Баткен облусуна иш сапары менен келди.

Иш сапардын алкагында Мирланбек ажы Токтомушев Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров  менен жолугушуп, аймактагы абал тууралуу баарлашты.

Андан соң жардамды өз дарегине жеткирүү максатында Баткен казыятынын кызматкерлеринин коштоосу менен чек ара аймактарындагы жашоочуларга барып, аларга маролдык колдоо көрсөтүү менен 500 миң сомдук материалдык жардамды тапшырды.

«Элибизден айланса болот. Казыяттын демилгесин колдоого алып, колдорунан келишинче жардамдарын беришти. Жардам берүүнү дагы улантабыз», – деди шаар казысынын милдетин аткаруучусу Мирланбек ажы.