Ак-Талаа районунда баш имам-хатибдин катышуусунда ата-энелер менен жолугушуулар өткөрүлүүдө

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда КРнын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-августундагы №390 токтомуна ылайык, окуучулар арасында кылмыштуулуктун, үй-бүлөлүк зомбулуктун, укук бузуулардын, өзүнө-өзү кол салуунун, экстремизмдин алдын алуу багытында айыл өкмөттөрдөгү ата-энелердин катышуусунда жолугуушулар өтүп жатат. Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынан, райондук прокуратурадан, укук коргоо органдарынан жана райондук хатибияттан турган топ Ак-Талаа районунун бардык айылдарында атайын графиктин негизинде күнүнө беш-алты айыл эли менен жолугушууда.

Ак-Талаа районунун баш имам-хатиби Акылбек Эсеналиев бул саамалыкта экстремизмди алдын алуу, адеп-ахлак жана тарбиянын мааниси, окуучулардын мечитке баруусу жана кесипке багыттоо боюнча сөз кылууда.

“Келечектин ээлери бул – биздин жаштар. Жаштарыбыздын ыйманы менен билими бири-бирин толуктап турганы абдан жакшы көрүнүш. Ошол эле учурда ата-эненин жүрөктөн айткан акыл-насааты баланын жүрөгүнө жетет. Сиздер балдарга кандай мээрим берсеңиздер, алар да сиздерге ошондой мээримин төгөт. Анткени бул кайтар дүйнө. Урматтуу ата-энелер! Баланы артынан кууп жүрүп тарбиялоо эмес, алдынан тосуп чыгып тарбиялоочу заманда турабыз”, – деди Ак-Талаа районунун баш имам-хатиби Акылбек Эсеналиев.

Белгилей кетсек, бул иш-чара 24-октябрдан 27-октябрга чейин Ак-Талаа районунун бардык айылдарында уюштурулушу күтүлүүдө.