Чалма айылында мавлид айына карата айымдар үчүн конкурс болуп өттү

Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Чалма айылында айымдар үчүн тест түрүндө “Пайгамбарыбызды сүйөбүз” аттуу конкурс болуп өттү. Ага аталган айылдын айымдары катышып, жеңүүчүлөгө кызыктыруучу белектер тапшырылды. Иш-чарага Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев жана Чалма айылынын имамы Баниман ажы Эрмекбаев катышты.

“Эне – бул мектеп. Ар бир бала жаштай кезинен мекепке чейинки таалим-тарбиянын көбүнесе энеден алат. Ата үй-бүлөсүн камсыздайм деп сыртта эмгектенип жүргөн учурда, бала эне менен көпкө калат. Ошол учурдан эне акыл-насаат, кеп-кеңештерин айтып, өз билгенин баласына үйрөтөт. Эне билимдүү болсо, бала да билимдүү болот. Ушул максатта бүгүн энелер жана айымдар үчүн жакшы илимий конкурс уюштурулду”, – деди райондун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев.