Муфтияттын демилгеси менен аймактардагы дин кызматкерлерин оффлайн окутуу башталды

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын демилгеси менен аймактардагы дин кызматкерлерин окутуу башталды. Имамдардын квалификациялык билимин жогорулатууга багытталган бул курста Куран, тавжид, акыйда, фикх, хадис, хадис усулу ж.б. боюнча тереңдетилген билим берилүүдө.

Сабактын биринчи күнүн Азирети Муфтийдин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев өзү өтүп, имамдарды илим алууга кызыктырды.

«Момун-мусулман өмүрүнүн аягына чейин илимге кызыгуусун токтотпошу керек. Билим алуунун эрте-кечи жок. Пайгамбарыбыздын, «Ким өмүрүн илим алууга арнаса, бейиште пайгамбарлар менен бир гана даража айырма болот» деген маанидеги хадиси бар. Демек, илим алуунун пазилети өтө көп. Биз, Дин башкармалыгы имамдардын билимин жогорулатууга багытталган окуу курстарын өткөрүү менен алардын билим деңгээлдерин көтөрүүгө бар күчүбүздү жумшап келебиз», – деп билдирди Муфтийдин орун басары.

Айта кетсек, аталган окутууга ар бир казыяттан имамдар келген жана окутуу пландуу түрдө окутулат.