Баткен районунда айыл имамынын демилгеси менен жолду оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү

Баткен районунун Дара айыл өкмөтүнө караштуу Жаңырык айылынын имамы Акжол Ахуновдун демилгеси, айыл башчы  Токтоназар Мамыловдун колдоосу менен айылдын жолун оңдоп-түзөө максатында ашар уюштурулду. Айыл имамы Акжол Ахуновдун айтымында, иш-чарага Жаңырык айылынын жалпы эли активдүү катышып, Сары-Талаа айылынан Жаңырык айылына чейин жолду оңдоп-түзөө жана тегиздөө жумуштары жүргүзүлдү.

Айыл имамы өз сөзүндө Жаңырык айылынын жалпы элине терең ыраазычылык билдирүү менен буларга токтолду:

 “Сүйүктүү пайгамбарыбыз (с.а.в) адам баласы бул дүнүйө менен коштошуп кеткенден кийин анын бардык амалдары токтоорун, бирок үч нерседен токтобой, өлгөндөн кийин кыяматка чейин сооптору токтобостон жетип турарын айткан. Мисалы, элдин пайдалануусу үчүн  мечит, медресе куруу, суу чыгаруу, жол оңдоо ж.б. Ушул хадиске амал кылуу максатында жол оңдодук”.